Алфавит
Главный » Кыргызча ырлар 2024 » Элмирбек Иманалиев - Коштошуу вальсы

Элмирбек ИманалиевКоштошуу вальсы

+66
  • Просмотров:  
  • Размер: 5,36 MB
  • Длительность: 5:51
  • Качество: 128
  • Дата релиза: 15-04-2021, 10:03
Слушать
Скачать

Текст песни
Көңүлүм байланабы?
Көзгө жаш айланабы?
Колуңду коё бербей,
Кош дедим кайра дагы...

Толгонуп шашылбадым,
Токто деп чакырбадың.
Топ таштай чачылганмын,
Сен мени жоготтуңбу?

Толгонуп шашылбадым,
Токто деп чакырбадың.
Топчудай чачылганмын,
Сен мени жоготтуңбу?

Айтпадым намыс барын,
Акырын алыстадым.
Капарга алганың жок,
Кабыргам кайышканын.

Кайгырып шашылбадым,
Кайтчы деп чакырбадың.
Мончоктой чачылганмын,
Сен мени жоготтуңбу?

Кайгырып шашылбадым,
Кайткын деп чакырбадың.
Шурудай чачылганмын,
Сен мени жоготтуңбу?

Күймөлүп басып араң,
Күн менен батып барам.
Күн чыгат кайра-кайра,
Мен чыкпайм, жашып барам.

Күймөлүп шашылбадым,
Күтчү деп чакырбадың.
Мончоктой чачылганмын,
Сен мени жоготтуңбу?

Толгонуп шашылбадым,
Токто деп чакырбадың.
Топчудай чачылганмын,
Сен мени жоготтуңбу?
Комментарии
Добавить