Алфавит
Главный » Кыргызча ырлар 2024 » Элмирбек Иманалиев - Акинге

Элмирбек ИманалиевАкинге

+1515
  • Просмотров:  
  • Размер: 7,62 MB
  • Длительность: 4:09
  • Качество: 256
  • Дата релиза: 12-09-2019, 09:10
Слушать
Скачать

Текст песни
Кез эле калган таң атып,
Кездештик жолдо баратып,
Керме каш сулуу беш көкүл,
Кыялымда жаратып,
Өтсө экен деймин өмүрүм,
Өзүңө эле өзүм жанашып.

Артыңдан барсам бакчага,
Артылып колуң башкага,
Жалынып сүйлөп жатыпсың,
Жактырбай сени жатса да,
Сүйүүнүн күчү керемет,
Жалынтат экен башкага.

Ак көйнөк кийсең таптаза,
Акактай тишиң кашкая,
Күлмүндөп сүйлөп жатыпсың,
Гулүңдү албай жатса да,
Сүйүүнүн күчү керемет,
Жалынтат экен башкага.

Карагер минсем токтобойт,
Капталга малым оттобойт.
Калкымдан сулуу көп көрдүм,
Кареги сага окшобойт,
Кыргыздан сулуу көп көрдүм,
Кылыгы сага окшобойт.
Комментарии
Добавить