Алфавит
Главный » Кыргызча ырлар 2024 » Тайирбек ,Ысманалиев - Санаалаш кызга

Тайирбек ,ЫсманалиевСанаалаш кызга

00
  • Просмотров:  
  • Размер: 3,11 MB
  • Длительность: 3:24
  • Качество: 128
  • Дата релиза: 22-07-2023, 16:52
Слушать
Скачать

Текст песни
Себелеп айланага, жаз жамгыр дыбыраса
Эркелеп кыз жигиттер, бульварда шыбырашса
Шуулдап ак кайыңдын, саргайган жалбырагын
Өткөргөн махабаттын, күндөрүн сагынганбыз
Түндөрүн сагынганбыз

Гитара коштоп ырдап, саналаш жалгыз кызга
Арманы жетээр балким булуттарга
Гитара коштоп ырдап, саналаш жалгыз кызга
Арманы жетээр балким булуттарга

Самайдан сылап чачын, сооротот тамчылары
Чиймелеп ак баракка, канча ирет арзуу жазды
Кеч күздүн турналары, алыска сапар алды
Айта бар, канаты жок, ал сулуу жалгыз калды
Ал сулуу жалгыз калды

Гитара коштоп ырдап, саналаш жалгыз кызга
Арманы жетээр балким булуттарга
Гитара коштоп ырдап, саналаш жалгыз кызга
Арманы жетээр балким булуттарга
Арманы жетээр балким
Комментарии
Добавить