Алфавит
Главный » Хит премьера » НурЧолпон - Арман

НурЧолпонАрман

+66
  • Просмотров:  
  • Размер: 3,41 MB
  • Длительность: 3:43
  • Качество: 128
  • Дата релиза: 8-02-2021, 14:23
Слушать
Скачать

Текст песни
Кумары жок качкан шаны да
Кунары жок аткан таңы да
Дуйнодо жашайт бир жалгыз адам
Өткөн күнүн эстеп сагына

Сүйүүсүн баалабай качырганын
Күйүттүү эскерет азыр дайым
Жанын эзет арман, кусалык
Табалбай андагы жашыл жайын

Кайырма:
Арман, арман, арман
Жалган дүйнөдө жашайт бир жалгыз адам

Маңдайында турган болуп шам
Махабатка ал да жолуккан
Барктабай бир келген ошол кутту
Бакыт гүлүн өзү соолуткан

Алганын кадырлап, чанбаганда
Ак сүйүү, мээримин арнаганда
Жабыркатмак эмес жалгыздык
Жаркырап атмак бүт таңдар анда

Кайырма:
Арман, арман, арман
Жалган дүйнөдө жашайт бир жалгыз адам

Адамзат армандуу болбосун
Ак сүйүү жүрөктөн соолбосун
Таң сымал жаша күндөрундү
Тагдырга бейпилдик орносун

Азгырбастан гүл өңүңдү
Арман-муңсуз сүр өмүрдү
Жашоону таза
Жаңылбай жаша
Барктап түгөйүңдү

Кайырма:
Арман, арман, арман
Жалган дуйнодо жашайт бир жалгыз адам
Комментарии
Добавить