Алфавит
Главный » Кыргызча ырлар 2024 » Шерзат Иминакун - Оштук сулууга

Шерзат ИминакунОштук сулууга

00
  • Просмотров:  
  • Размер: 3.6 MB
  • Длительность: 3:53
  • Качество: 128
  • Дата релиза: 31-01-2025, 19:35
Слушать
Скачать

Текст песни
Жасалмасыз, чийилген каштарың жагат
Ак-маралдай керилип, ай басканың жагат
Түн ичинде жылдыздар жанган сыяктуу
Кара кундуз, уп-узун эй чачтарың жагат

Ордолуу Ош элимдин чүрөгү белең?
Ак-бууранын туп-тунук, мүрөгү белең?
Жетпесем да өмүрдө, сага карындаш
Сыймыктанам сага ашык жүрөгүм менен

Карай берем суктанып, карай беремин
Көрүү үчүн көчөңө, мен далай келемин
Оштук сулуу карындашым, арбап алдың го
Кайда жүрсөм өзүңдү самай беремин

Тоңуп калган сезимди, жылыттың өзүң
Татынам ай кайда, эмне кылып жүрөсүң?
Маани берсем көбүнөн кезикпей калган
Мага жакты уялчаак, сылык мүнөзүң

Ордолуу Ош элимдин чүрөгү белең?
Ак-бууранын туп-тунук, мүрөгү белең?
Жетпесем да өмүрдө, сага карындаш
Сыймыктанам сага ашык жүрөгүм менен

Ордолуу Ош элимдин чүрөгү белең?
Ак-бууранын туп-тунук, мүрөгү белең?
Жетпесем да өмүрдө, сага карындаш
Сыймыктанам сага ашык жүрөгүм менен
Сыймыктанам сага болгон жүрөгүм менен
Комментарии
Добавить