Алфавит
Главный » Кыргызча ырлар 2024 » Темирова Мейликан - Түшүмө кирдиң түндө сен

Темирова МейликанТүшүмө кирдиң түндө сен

00
  • Просмотров:  
  • Размер: 3.24 MB
  • Длительность: 3:33
  • Качество: 128
  • Дата релиза: 28-12-2024, 21:29
Слушать
Скачать

Текст песни
Жыпар жыт каптап, дүйнөнүн жибек жел эзген
Жүрөгүм чакмак, жүлүндөн бери «дүрт» эткен
Сел болуп аппак, нур болуп каптап жазында
Түшүмө кирдиң, түшүмө кирдиң түндө сен
Сел болуп аппак, нур болуп каптап жазында
Түшүмө кирдиң, түшүмө кирдиң түндө сен

Ак кайың бүрдөп, ажайып аалам тиктесем
Толкуну түрмөк, айдың көл мына издесем
Токтолбо жүр деп, толкунга мин деп алыстан
Түшүмө кирдиң, түшүмө кирдиң түндө сен

Ак шумкар шаңшып, канатын күүлөп бийиктен
Көңүлдү тартып, кайберен жүргөн бийик бел
Көл болуп чалкып, жыт болуп аңкып алыстан
Түшүмө кирдиң, түшүмө кирдиң түндө сен
Көл болуп чалкып, жыт болуп аңкып алыстан
Түшүмө кирдиң, түшүмө кирдиң түндө сен
Комментарии
Добавить