Алфавит
Главный » Кыргызча ырлар 2024 » Айдана Дека - Светофор

Айдана ДекаСветофор

00
  • Просмотров:  
  • Размер: 2.68 MB
  • Длительность: 2:56
  • Качество: 128
  • Дата релиза: 9-05-2024, 10:44
Слушать
Скачать

Текст песни
Сөз айткан жигиттердин, ичинен сени тандап,
Жетелеп өтөт дегем колумдан бекем кармап.
А бирок ал ойлорум, жөн гана кыял экен,
Сен мени коюптурсуң куру сөздөргө байлап.

Мен неге алданамын, үмүт отун жагып койсоң,
Кайра эле арбаламын, жылуу сүйлөп чалып, койсоң.
Баардыгын унуттуруп, көңүлүмдү алып койсоң,
Мен кантип жүрөгүмдү эми сага жабып койсом.

Жек көрүнүп адамым өзүм сүйгөн,
Көңүл ооруп, капалуу чыктым үйдөн.
Мага сүйүү светофор сыяктанат,
Экөөбүздү өткөрбөй кызыл күйгөн.

Мен сени сүйгөн элем, тең айланып көзүң менен,
Сөзүмдү тандап сүйлөп, оорубасын көңүл дегем.
Сен аны баалабадың, кадырымды билген жоксуң,
Мен эми дарылаймын, өзүмдү-өзүм жеңем.
Комментарии
Добавить