Алфавит
Главный » Кыргызча ырлар 2024 » Курал Чокоев - Өмүр зымырайт (ost Апамдын махабаты)

Курал ЧокоевӨмүр зымырайт (ost Апамдын махабаты)

00
  • Просмотров:  
  • Размер: 3,31 MB
  • Длительность: 3:37
  • Качество: 128
  • Дата релиза: 18-02-2023, 12:05
Слушать
Скачать

Текст песни
Өмүр зымырайт
Мен сага туш болуп
Көңүлүм куш болуп
Чарк айланам канат дирилдей

Күндөрүм түндөргө
Түндөрүм күндөргө
Алмашылды көзгө илинбей

Турмуштун сырын айт
Таш бака кыбырайт
А өмүр зымырайт зымырайт зымырайт

Шашылбайт таш бака
Эсалат чарчаса
А өмур зымырайт зымырайт зымырайт

Сагынтып кээде сен
Ардагым келбесен
Кантип өмур жайнайт гүл ачып

Санаймын күндөрдү
Санаймын түндөрдү
Өчөшкөнсүп өтпөйт убакыт

Кыялым алкынат
Теминем камчылап
А өмүр кыбырайт кыбырайт кыбырайт

Өңү да өзгөрүп
Таш бака көздөнүп
А өмүр кыбырайт кыбырайт кыбырайт

Үмүттөй түнөрүп
Кош десем түбөлүк
Билбей калдым неден жаңылгам

Жүрөктүн өртү жок
Дүйнөнүн көркү жок
Жандап өтөт мезгил жанымдан

Аппак таң аткансыйт
Күн деле баткансыйт
А өмүр токтогон токтогон токтогон

Билсе да таш бака
Кыбырайт таш бака
А өмүр ташыркап токтогон токтогон
Комментарии
Добавить