Алфавит
Главный » Кыргызча ырлар 2024 » 7Gen, Бегиш - Qareq

7Gen, БегишQareq

+11
  • Просмотров:  
  • Размер: 3,36 MB
  • Длительность: 3:40
  • Качество: 128
  • Дата релиза: 7-07-2022, 09:25
Слушать
Скачать

Текст песни
Кайырма:
Мен сенин көзүңөн таптым бактымды!
Өзүңөн таптым бактымды!
Карегиңден келечегим менин
Сен жок ченелбеген.
Терезеңден күн тийгенин
Байкап ойгонду сезим!

Жетиген:
Карегиңдин так ортосунда
Бактылуу убак узакка созулган!
Сени кубанткан максат менин жоонумда.
Жүктөлбөй жеңилдей келем түгөйүң болоорума!
Ар бир көз ирмем, бири бирибиздин күнөөлүү кездерибизди кечирген.
Бир болгубуз келгендей,
Бипбирдей сен мендей, мен сендей!
Ажырагыс жалгыз калгыс жанбыз кербендей!

Кайырма:
Мен сенин көзүңөн таптым бактымды!
Өзүңөн таптым бактымды!
Карегиңден келечегим менин
Сен жок ченелбеген.
Терезеңден күн тийгенин
Байкап ойгонду сезим!

Бегиш:
Өзүңдөн таптым бактымды,
Түбөлүк махабатымды!
Көзүңдөн таптым бактымды,
Жүрөккө мээлеп аттыңбы?!

Түн болгон өмүрүмө жарык берип шам жактыңбы?!
Каралдым менин көңүлүмдүн данегин табып чактыңбы?!
Мен сени табам деп ойлогон эмесмин түшүмдө кана көрүп эй!
Мен сага жагам деп ойлогон эмесмин

Жашоону бирге бөлүп тең!
Азыр жубайымсың бир бүтүнбүз эч ажырагыз.
Айырмасыз күнбү-түнбү калтырбайм сени жалгыз.
Камалам ойлорумда мен!

Алардын борборунда сен!
Жашоомдун эң негизги байгесисиң
Мен аны жеңгем!
Кошолу жан биз улутка,
Жашоонун даамын бир уурттап.
Бир сенден бактымды тапкам,
Билип жүр жаным унутпа!

Кайырма:
Мен сенин көзүңөн таптым бактымды!
Өзүңөн таптым бактымды!
Карегиңден келечегим менин
Сен жок ченелбеген.
Терезеңден күн тийгенин
Байкап ойгонду сезим!
Комментарии
Добавить