Алфавит
Главный » Кыргызча ырлар 2024 » Жоодарбешим, Нурлан Насип - Экөөбүз ашык бир кызга

Жоодарбешим, Нурлан НасипЭкөөбүз ашык бир кызга

00
  • Просмотров:  
  • Размер: 3,65 MB
  • Длительность: 3:59
  • Качество: 128
  • Дата релиза: 20-05-2022, 05:28
Слушать
Скачать

Текст песни
Эңсетип мени кыйнадың
Эсимден такыр чыкпадың.
Ээрчитип мени, аны да.
Эмнеге бизди алдадың?
Агарып таңдын атканын,
Тосчу элек дайым аппагым.
Түбөлүк бирге болом деп,
Мени да, аны алдадың.

Уктабай күнү-түнү да,
Экөөбүз ашык бир кызга.
Адашып сүйүп жүрүппүз,
Байчечек гүлдөй бир кызды.
Эх, досум, болду кайгырба,
Табылат сага, мага да.
Мээримин төксө махабат,
Жүрөктөр жылыйт дагы да.

Өзүң деп өткөн күндөрүм,
Өкүнүч эмес, кубаныч.
Сени менен жүргөн түндөрдү,
Эстеп биз күлүп жүрөөрбүз.
Түбөлүк эсте сакталат,
Ал күндөр биздин жүрөктө.
Эстеген сайын жылмайып,
Жүрөбүз мезгил өтсө да.

Уктабай күнү-түнү да,
Экөөбүз ашык бир кызга.
Адашып сүйүп жүрүппүз,
Байчечек гүлдөй бир кызды.
Эх, досум, болду кайгырба,
Табылат сага, мага да.
Мээримин төксө махабат,
Табылат сага, мага да.

Уктабай күнү-түнү да,
Экөөбүз ашык бир кызга.
Адашып сүйүп жүрүппүз,
Байчечек гүлдөй бир кызды.
Эх, досум, болду кайгырба,
Табылат сага, мага да.
Мээримин төксө махабат,
Жүрөктөр жылыйт дагы да.
Комментарии
Добавить