Алфавит
Главный » Кыргызча ырлар 2024 » Сыймык Бейшекеев - Айтылбаган махабат

Сыймык БейшекеевАйтылбаган махабат

00
  • Просмотров:  
  • Размер: 9,94 MB
  • Длительность: 4:44
  • Качество: 267
  • Дата релиза: 2-11-2021, 17:28
Слушать
Скачать

Текст песни
Көнөктөп жамгыр төксө жеңилдеймин,
Көөнөрүп ал оюма жеңилбеймин.
Кусадан курган жүрөк жанчылса да,
Кумарлуу көздөрүңө тигилбеймин.

Аптыгып ак жамгырда сейилдеймин,
Артылып карабасаң кейибеймин.
Мендеги бул сезимди түшүнбөсөң,
Мен сага бул сүйүүмдү билдирбеймин.

Жалгыздык жандап баскан жолдошумдай,
Жаңырат ойлор уюп коргошундай,
Сезилет күндө бир маал көрүнбөсөң.
Сергибей, бөксө жерим толбочудай.

Аптыгып ак жамгырда сейилдеймин,
Артылып карабасаң кейибеймин.
Мендеги бул сезимди түшүнбөсөң,
Мен сага бул сүйүүмдү билдирбеймин.

Сен туруп көңүлүмдүн борборунда,
Камалдым махабаттын коргонуна.
Тийгенде ал сендик деп угулгансыйт,
Тамчысы ак жамгырдын колдорума.

Аптыгып ак жамгырда сейилдеймин,
Артылып карабасаң кейибеймин.
Мендеги бул сезимди түшүнбөсөң,
Мен сага бул сүйүүмдү билдирбеймин.
Комментарии
Добавить