Алфавит
Главный » Кыргызча ырлар 2024 » Токтобек Асаналиев - Ак булуттар

Токтобек АсаналиевАк булуттар

00
  • Просмотров:  
  • Размер: 10,89 MB
  • Длительность: 5:57
  • Качество: 256
  • Дата релиза: 9-06-2021, 10:40
Слушать
Скачать

Текст песни
Кайчы өткөн тагдыр менен жолго чыгып,
Силерди, ак булуттар, жолдош кылып.
Мен келип алтын кумдуу көл жээгине,
Олтурам эскерүүдөн ичтен сызып.

Сезгендей айрыларды коркор элем.
Алтын кум, сен баарына орток элең.
Өчөшүп бизди өксүткөн жаңылууга,
Өмүрдүн өрүн көздөй жалгыз келем.

Кайгынын каран түнүн жарык кылар,
Каралдым, жашоодо көп жакшылык бар.
Сен азыр эмнени ойлоп турдуң экен,
Айдалып баратканда ак булуттар.

Көл жээги, касиеттүү көлдүн жээги,
Көрбөдүң, өткөрбөдүң эмнелерди?
Адашып сүйгөнүмдөн келдим сага,
Сүйүүмдү айла кылып кайрып берчи
Комментарии
Добавить