Алфавит
Главный » Кыргызча ырлар 2024 » Айгуль Чалова - Күн чыгышым

Айгуль ЧаловаКүн чыгышым

+33
  • Просмотров:  
  • Размер: 3,2 MB
  • Длительность: 3:30
  • Качество: 128
  • Дата релиза: 17-02-2021, 17:27
Слушать
Скачать

Текст песни
Улам карап туш тарапты элеңдеп
Айтар сөздү миң кайталап белендеп
Күн чыгышым, сени күтөм зарыгып
Анык беле айткан сөзүң келем деп

Тоонун суусу аңтарылат иримдеп
Дарак ырдайт, жалбырагы дирилдеп
Күн чыгышым, келсең боло күттүрбөй
Салааланып саамай чачың бириңдеп

Айлап-жылдап, жалгыз сен деп түгөндүм
Жүрөгүмдүн бардыгына күмөнмүн
Колду шилтеп, кетип калбас себебим
Боосу сенде мен катынган жүгөндүн

Улам карап туш тарапты элеңдеп
Айтар сөздү миң кайталап белендеп
Күн чыгышым, сени күтөм зарыгып
Анык беле айткан сөзүң келем деп
Комментарии
Добавить