Алфавит
Главный » Кыргызча ырлар 2024 » Кубаныч Сатаев - Коштошуу

Кубаныч СатаевКоштошуу

00
  • Просмотров:  
  • Размер: 3,4 MB
  • Длительность: 3:43
  • Качество: 128
  • Дата релиза: 9-02-2021, 14:11
Слушать
Скачать

Текст песни
Көздөрүңдөн кагылайын,
Балбылдаган, жайнаган,
Кош деп мага кол сунбачы, садагам.
Кош дегенде кол бере албай,
Сени сүйүп кайрадан, кызганып, суктанып,
Айтчы, жаным, бир сен үчүн эмне болуп баратам?

Кайырма:
Жашоо, өмүр, сүйүү деген,
Татаал нерсе турбайбы,
Жаштыгымда билбептирмин мындайды.
Жаралган соң бул дүйнөгө,
Бир жолу, ай, бир жолу,
Жараткан, ай, сүйгөнүңө жете турган кылбайбы.

Көп оролдум, көп сыладым,
Сенин кундуз чачыңды.
Жүрөгүмө далай ийдиң башыңды.
Ойлогон ой ишке ашпай,
Турмуш кыстап, жеңгенде,
Арга жок, айла жок, кошула албайм,
Төккөн менен көздөн аккан жашымды.

Кайырма:
Жашоо, өмүр, сүйүү деген,
Татаал нерсе турбайбы,
Жаштыгымда билбептирмин мындайды.
Жаралган соң бул дүйнөгө,
Бир жолу, ай, бир жолу,
Жараткан, ай, сүйгөнүңө жете турган кылбайбы.
Комментарии
Добавить