Алфавит
Главный » Кыргызча ырлар 2024 » AGA-INI, Sultan Ilayz - Паракор

AGA-INI, Sultan IlayzПаракор

+11
  • Просмотров:  
  • Размер: 3,56 MB
  • Длительность: 3:54
  • Качество: 128
  • Дата релиза: 14-01-2021, 06:53
Слушать
Скачать

Текст песни
Биздин жолдор таштак, баткак, аңгыл-дөңгүл
Биздин чоңдор алдап, урдап, алып көнгөн
Миллиондор кыйналса да элинде,
Эмнегедир милдеттерин аткарышпайт жок дегенде

Алар элиталык аткаминер бийликтегилер
Казынага башы менен кирип алып жегендер
Алар коркпойт мыйзамдан,
жадакалса Кудайдан
Керек болсо караганышат колду коюп Куранга

Шайлоо учурунда убаданы тынбай бергендер,
Андан кийин элге такыр пайдасы тийбегендер.
Силердин эле айыңардан кыйналды го журтуңар,
Өз журтуңарды урдуңар го тумкумдары куркурлар!

Түшүнүксүз, не жетпейт? А? Силерде баары бар.
Ичи тар, жеп-жутар, ажыдаарлар!
Бирок биздеги үмүт,
өчпөй жанып күйөт,
А карапайымдардын бары эптеп өмүр сүрөт!

Паракор... паракор...паракордо баары зор
Паракордо миллиард бар жана соода
борбор
Чоң үйлөр, базар, бизнес, машинелер токолдор.
Паракордун урааны дагы жеп-жут, дагы сор

Кайрыма:
Биздин жолдор таштак, баткак, аңгыл-дөңгүл
Биздин чоңдор алдап, урдап, алып көнгөн
Миллиондор кыйналса да элинде,
Эмнегедир милдеттерин аткарышпайт жок дегенде

Карыз... карыз... карыз... карыз кыргыздын баарысы
Карыз... карыз... карыз... карыз
жашы да карысы
Карыз кыргыздын али төрөлө элек баласы,
А сен дагы эле тойбой бюджеттен урдап жатасын!

Колуңдан келбеген ишти, эмне кыдасың жасап!
Бизнесиңди коргош үчүн сага керек мандат (мандат)
Кайдагы сенден пайда? Пайдасыздык көнгөн адат!
Анан анын кесепетинен дайым элим азап тартат

Сага баары бирда! А кээ бир жерде таза суу жок
Сага баары бирда! А кээ бир үйдө нанга ун жок
ачкачылык, кымбатчылык, жан баккан жумушу жок
Көрбөйүн деп бул азапты, өлөйүн десе уу жок

Паракор... паракор...паракордо баары зор
Паракордо миллиард бар жана соода
борбор
Чоң үйлөр, базар, бизнес, машинелер токолдор.
Паракордун урааны дагы жеп-жут, дагы сор

Кайрыма:
Биздин жолдор таштак, баткак, аңгыл-дөңгүл
Биздин чоңдор алдап, урдап, алып көнгөн
Миллиондор кыйналса да элинде,
Эмнегедир милдеттерин аткарышпайт жок дегенде
Комментарии
Добавить