Алфавит
Главный » Кыргызча ырлар 2024 » Мирбек Атабеков - Кулгун жаш (cover)

Мирбек АтабековКулгун жаш (cover)

+44
  • Просмотров:  
  • Размер: 2,59 MB
  • Длительность: 2:50
  • Качество: 128
  • Дата релиза: 8-09-2020, 09:07
Слушать
Скачать

Текст песни
Өткөн өмүр өкүнтөт, айла барбы,
Өкүнгөндөн же табар пайда барбы?
Күлкү менен, шат менен таң атырган,
Күлгүн жаш, ай, күлгүн жаш,
Жалын жаш, эй, жалын жаш, кайда калды?
Артта калды.

Жылаңайлак суу кечкен жайда калды,
Жылгалардан гүл терген сайда калды.
Ишке тойбой, бий бийлеп күн батырган,
Күлгүн жаш, ай, күлгүн жаш,
Жалын жаш, эй, жалын жаш,
Кайда калды, артта калды.

Ташты эритер сендеги чоктун деми,
Кайсы топко алпарып коштуң мени?
Айрылгым жок, айрылбас аргам да жок,
Кош бол, менин алтыным,
Кош бол, жалын жаштыгым.
Кош бол эми, кош бол эми…
Комментарии
Добавить