Алфавит
Главный » Кыргызча ырлар 2024 » Мурадил Данияров - Болбой эле

Мурадил ДанияровБолбой эле

+1111
  • Просмотров:  
  • Размер: 3,28 MB
  • Длительность: 3:35
  • Качество: 128
  • Дата релиза: 5-09-2020, 21:08
Слушать
Скачать

Текст песни
Билем сөз жок жүрөксүң,
Тынчын алба жүрөктүн.
Таштап кетчи,тандап жетчи,
Махаббат мүрөгүн.

Билем сөз жок сулуусуң,
Сулуулугуң курусун.
Байкап көрчү,балдап өрчү,
Менден бир дурусун.

КАЙЫРМА:
Болбой эле кадаламын,
Баш айланып ыр жазамын.
Магдыраткан махабатка,
Өзүң болдуң жаным азабым.

Тоңбой эле жазыламын,
Тоголонуп ачыламын.
Тоо карагат көздөрүңө,
Чампа куруп чачыламын.

Билем сөз жок жүрөксүң,
Тынчын алба жүрөктүн.
Таштап кетчи,тандап жетчи,
Махаббат мүрөгүн.

Билем сөз жок сулуусуң,
Сулуулугуң курусун.
Байкап көрчү, балдап өрчү,
Менден бир дурусун.

Качпай эле жабышамын,
Карек издеп табышамын.
Каш,көз,чач,кирпиктериңе,
Чаң жугузбайм ханышамдын.

Соолбой эле чачырадым,
Соо койбодуң жан чырагым.
Жанчып,тепсеп тебелеген,
Балким өзүң менин бактым.

Болбой эле кадаламын,
Баш айланып ыр жазамын.
Магдыраткан махабатка,
Өзүң болдуң жаным азабым.

Тоңбой эле жазыламын,
Тоголонуп ачыламын.
Тоо карагат көздөрүңө,
Чампа куруп чачыламын.

Качпай эле жабышамын,
Карек издеп табышамын.
Каш,көз, чач, кирпиктериңе
Чаң жугузбайм ханышамдын.

Соолбой эле чачырадым,
Соо койбодуң жан чырагым.
Жанчып, тепсеп тебелеген,
Балким өзүң менин бактым
Комментарии
Добавить