Алфавит
Главный » Кыргызча ырлар 2024 » Анжелика - Мейли, тагдыр

АнжеликаМейли, тагдыр

+9999
  • Просмотров:  
  • Размер: 3,4 MB
  • Длительность: 3:43
  • Качество: 128
  • Дата релиза: 8-08-2020, 09:50
Слушать
Скачать

Текст песни
Мейли тагдыр мага башың ийбегин
Мейли тагдыр мага жарык тийбесин
Бул жашоомдо турсун жарык күн тийип, ай,
Медер туткан ата-энеме тийбегин.
Медер туткан ата-энеме тийбегин.

Мейли тагдыр өкчөп-калчап бийлегин
Мейли тагдыр камыр кылып ийлегин
Мен өзүңдөн башка нерсе сурабаймын
Суранаарым балдарыма тийбегин.
Суранаарым балдарыма тийбегин.

Мейли тагдыр сыйлыгыңды бербегиң
Байлыгыңды маңдайыма илбегин.
Андан өткөн мага байлык, бакыт жок, ай,
Суранаарым жакыныма тийбегин.
Биртууганым, бир боруума тийбегин

Мейли тагдыр мага башың ийбегин
Мейли тагдыр мага жарык тийбесин
Бул жашоомдо турсун дайым күн тийип, ай,
Медер туткан ата-энеме тийбегин.

Мен өзүңдөн башка нерсе сурабаймын
Суранарым ата-энеме тийбегин.
Суранарым балдарыма тийбегин.
Суранарым эл-журтума тийбегин.
Комментарии
Добавить