Алфавит
Главный » Кыргызча ырлар 2024 » Тата Улан - Не керек

Тата УланНе керек

+44
  • Просмотров:  
  • Размер: 5,13 MB
  • Длительность: 5:36
  • Качество: 128
  • Дата релиза: 12-07-2020, 08:16
Слушать
Скачать

Текст песни
Бир балада баары барбы,
Шаардын баары колдо.
Атасынын машинеси,
“Фаап-фаап” жолдо.
Учуп жүрөт иш кылгансып,
Чаң сапырып күчөтүп.
“Урганым жок”- дегенсип,
Асылганды кекетип.
Толо, толо калп достору,
Кана мени макта.
Капчыгында кысылышат,
Сатып алчу акча.
Диско клубда шагырашып,
Шайтан үйү.
Бири-бирине сүрүлүшүп,
Түшүнүгү сүйүү.
Төштү ачып кыска кийип,
Жарнактай чакырып.
Жигиттердин көңүлүнө,
Дене менен жагынып.
Мен балдарды жактабаймын,
Айтып жатам күйүп.
Канча деген карындаштар,
Алданышат сүйүп.
“Современный”- деп айтышат,
Кыргызчасы – заманбап.
Сен абийирдүү, таза болсоң,
Келбетиңе жарашат.
Терс түшүнүк батыш жактан,
Бекем сиңип калды го.
Улутуңдун жоголушу,
Тил чайналып чалды го.
Ай кыргыздар ойгонгула,
Камчылата салса.
Канча кыргыз кыз-жигиттер,
Тантырашат орусча?
Жыйрма жылда эмне берди,
Мамлекет балдарга?!
Билим сатып бизнес кылдың,
Билими талаада!
Кыргыз тилде так сүйлөсө,
Баары аны - мырк дейт.
Орус тилин түшүнбөсө,
Жабылышып - мырк дейт.
Терең ойлоп көргөнүмдө,
Неге мындай басынтат?
Өз жеримде эне тилди,
Кемсинтип жатышат.
Шаарда өсүп кыргыз тилди,
Билбейсиңби - мырк дейм.
Калпак кийгенден уялып,
Тартынасың - мырк дейм.
Манас ата ким экенин,
Билбейсиңби - мырк дейм.
Чоң апаны “бабушка” деп,
Айткандарды - мырк дейм.
Ичим күйгөн ойлорумда,
Күндө көргөн күнүмдүк.
Көкүрөктө кызыл жүрөк,
Тилиме кылат үстөмдүк.
Мен кайдыгер бола албайм,
Жамынгансып чүмбөткө.
Элим кайда баратканы,
Кантип сыят жүрөккө?..

Кайрыма:

Кыргызыма не керек?
Мусулмансың дин керек!
Кыргызыма не керек?
Таза кыргыз тил керек!
Кыргызыма не керек?
Өзөк керек күч керек!
Кыргызыма не керек?
Чындык керек, ак керек!
Сен тазасың мен таза,
Кир жолобойт жаныңа.
Андай болсо ханың да,
Таза болот тагында.
Андай болсо балаңдын,
Келечеги колуңда.
Андай болсо кыргыздын
Келечеги балаңда!


Элди каргап жасалганбы,
Аянттагы эстелик?..
Кыргыздарга дал келбеген,
Терс көрүнгөн эркиндик.
АКШнын эркиндиги,
Биздикинен ыймандуу.
Оң колуна отту кармап,
Этек башы жабылуу.
Кыргыз кыздар бузулсун,
Деп курулганбы эркиндик?
Канаттуу бир сойку кызды,
Элден бийик секирттик.
Сол колуна түндүк кармап,
Чачын кыска кыскартып.
Таштан чегип жылбас кылып,
Үлгү кылып караттык.
Эми жаштар кылганына,
Кантип капа бололу?
Элибиздин символдору,
Бузукулук жолдобу?
Бүт жагына карап көрсөң,
Элге чоочун саясат.
Гезит бетин ачып көрсөң,
Көзүң качып уялат.
Жыныстык катнашка чейин,
Жазып жүргөн катмарлар.
Келечекке балта чаап,
Акча үчүн жазгандар.
Сыналгынын төмөн жагы,
Акча үчүн смс.
Секс издеген жаш балдарың,
Бузулганы кеп эмес.
Акча үчүн баарын саттык,
Абийир, уят, намысты.
Ак-караны билбей калдык,
Туурап жатып батышты.
Түгөндүбү ак сакалдар,
Ак сакалын жайкалткан.
Ак ишине ак сөзүнө,
Элди тартып сактаган.
Хиджап киийген кыргыз кызга,
Жабылды го коомчулук.
Кыргыз мындай кийинбечү,
Далил кылды көпчүлүк.
Андай кыздар саналуу эле,
Ыйман жолун жолдогон.
Чүмкөнгөнү шайтандан бир,
Уят-сыйын коргогон.
Андай болсо не дудуксуң,
Калыс айткан көпчүлүк.
Кыргыз кыздар кийинбечи,
Шыйрак төштү көргөзүп.
Бир чүмкөнгөн кыргыз кызың,
Коргойт кыргыз намысты.
Бир жылаңач тентек кызың,
Уят кылат кыргызды.
Бул ыйымды койбойт эми,
Радиодон, теледен.
Себеп айттым мен чындыкты,
Чөгүп жаткан кемеден.
Келечекти ойлобосоң,
Анда адам ким элең?
Сени ойлогон бул жашоодо,
Жалгыз Кудай, Бир энең!
Комментарии
Добавить