Алфавит
Главный » Кыргызча ырлар 2024 » Гулзада Рыскулова - Мага жакпайт

Гулзада РыскуловаМага жакпайт

00
  • Просмотров:  
  • Размер: 3,87 MB
  • Длительность: 4:14
  • Качество: 128
  • Дата релиза: 15-05-2020, 09:34
Слушать
Скачать

Текст песни
Күлүмсүрөп күн да күлүп башкача,
Күмүш күндөр тынбай өтүп жатса да.
Мага жакпайт жалган күлкү, жылмаюу,
Жүрөгүндө чындап сүйүү жатпаса.

Ар убакта мээрим нурун чачса да,
Аруу жандар көөдөнүнө батпаса.
Мага жакпайт зомбулуктун камчысы,
Чабылганда наристеге таптаза.

Мейли жайбы, кышпы, жазбы же күзбү ,
Мезгил сызып, күндөрдү артка таштаса.
Мага жакпайт жакшы обон жазбасам,
Чар тарапка кайрыктары шашпаса.

Жалгыз гана өмүр берген адамга,
Жашоо берген, көңүл берген жалганда.
Мага жакпайт жалган жалаа көө жапса,
Жерде эмес чындык жашайт асманда
Комментарии
Добавить