Алфавит
Главный » Кыргызча ырлар 2024 » Сыймык Бейшекеев - ГYЛБАЙРА

Сыймык БейшекеевГYЛБАЙРА

+57
  • Просмотров:  
  • Размер: 3,73 MB
  • Длительность: 4:04
  • Качество: 128
  • Дата релиза: 29-03-2020, 22:16
Слушать
Скачать

Текст песни
Жаздын күнү чиркин жапжаш баладай
Жазгы жамгыр себелеп эч басылбай
Жамгыр менен кошо чуркап бийлеген
Кызды көрдүм аппак көйнөк кийинген
Бийле бийкеч бийлей бергин тартынбай
Тоскоол кылбай карап турдум жалдырай

Мен ал кызга таанышууга умтулдум
Тике карап, таң калгандай бурулду
Назик колун мага сунуп жылмая
Күлүмсүрөп атын айтты Гүлбайра
Ай Гүлбайра жакты мага атыңыз
Түк түшүнбөйм кереметпи затыңыз?

Жибек сымал жамгыр болгон саамайың
Саамайыңдан назик гана сылайын
Мен өзүңө айткым келди шыбырап
Жалгыз сенсиң менин бактым таалайым
Ай Гүлбайра, күтөм сени Гүлбайра
Эстен кетпей таанышканың жылмая
Комментарии
Добавить