Алфавит
Главный » Кыргызча ырлар 2025 » Нуржан Тумонбаева - Ой санат

Нуржан ТумонбаеваОй санат

00
  • Просмотров:  
  • Размер: 3.85 MB
  • Длительность: 4:12
  • Качество: 128
  • Дата релиза: 27-12-2024, 18:40
Слушать
Скачать


Текст песни
Жигит дебе, мекенге күйбөс жанды
Сулуу дебе намысын унутканды
Адамсың деп айтканга да оозуң барбайт
Ата-энесин карабай курутканды
Кыргызымда жок эле деги мындай
Кыйырлардан бирөөлөр жугузганбы?
⠀
Жигит дегин эл журтун бага алганды
Сулуу дегин жылдыздай жана алганды
Мээримине акылы айкалышып
Тунгуюктан туура жол таба алганды
⠀
Кары дебе калыс сөз билбегенди
Калктын наркын кадырлап жүрбөгөндү
Кыр ашыра кубалап салгың келет
Кыркка бөлүп журтумду сүйбөгөндү
Жер көтөрүп капырай кантип жүрөт?
Жергесине боор тартып күйбөгөндү
⠀
Кары дегин калк наркын жөлөгөндү
Калыс сүйлөп көбөйткөн көрөңгөңдү
Кылыч мүнөз кыраандар көп болсунчу
Кылымдарга сүйөгөн керегеңди
⠀
Максат дебе кол сунуп жетпегенди
Мансап дебе чоң сүйлөп тепсегенди
Тууганым деп кантип сен айта аласын?
Турмушта бар экениң сезбегенди
Досум дебе артыңдан түшүп алып
Алты жылдык өткөндү кектегенди
⠀
Арман кылба сулууга жетпегенге
Азат бербе жериңди тепсегенге
Эмгек кылгын түбөлүк унутулгус
Элиң калар артыңда эстегенге
Комментарии
Добавить