Алфавит
Главный » Кыргызча ырлар 2024 » Сыймык Бейшекеев - Айыккыс күйүт

Сыймык БейшекеевАйыккыс күйүт

00
  • Просмотров:  
  • Размер: 4.26 MB
  • Длительность: 4:39
  • Качество: 128
  • Дата релиза: 11-01-2024, 18:49
Слушать
Скачать

Текст песни
Жүрөгүм кысат эстеген сайын,
Жүлүнүм сыздап, чыкчудай жаным.
Айыккыс күйүт өзөктү өрттөп,
Арманым күчөп жүрөмүн дайым.
Тагдырга кандай туш болдум эле,
Туурумдан учкан куш болдум беле.
Ишенчээк жаным алданып калып,
Изимди антип жашырдым неге?

Тогуз ай бою омурткам сыздап,
Толгонуп эчен көтөрдүм чыдап.
"Атасы ким?" деп суракка алып,
Айылга барсам эл ушак кылмак.
Жашырып сени жарыкка келген,
Жакшынам элең Кудайым берген.
Жапжалгыз өзүм жалаң кат ороп,
Жашикке таштап кылчайбай кеткем...

Жашиктер катар таштанды толгон,
Жалгызым сенин жайың бир болгон.
Чыдабай кайра таңга жуук келдим,
Энелик сезим жанымды койбой.
Таппадым сени таштаган жерден,
Татынам мага окшош кыз элең.
Таштанды шимшип жойлогон иттер,
Тарпыңды сүйрөп талашып жеген.

Жалаяк жатат орогон сени,
Жанымды коёр жер таппай деги.
Узады жылдар арадан учуп,
Болбодум эне күйүтүм жеди.
Жазалап мезгил көрбөдүм бала,
Жабыктым, күйдүм таппадым арга.
Айыккыс күйүт өзөктү өрттөп,
Арманым күчөйт, арылбай санаам.
Айыккыс күйүт өзөктү өрттөйт,
Арманым күчөйт табылбай арга...
Комментарии
Добавить