Алфавит
Главный » Кыргызча ырлар 2024 » Элмира Таджиева - Жылкычынын ыры

Элмира ТаджиеваЖылкычынын ыры

00
  • Просмотров:  
  • Размер: 2,19 MB
  • Длительность: 2:23
  • Качество: 128
  • Дата релиза: 29-12-2023, 17:45
Слушать
Скачать

Текст песни
Асыл бир тукум мингенин,
Салкын төр жайлоо жүргөнүм.
Эриктим жылкы кайтарып,
Кайдасың, келчи сүйгөнүм.
Эриктим жылкы кайтарып,
Кайдасың, келчи сүйгөнүм.

Жылкы оттойт чөптүн түрлөрүн,
Мен жыттайм жыпар гүлдөрүн.
Санаадан такыр чыкпайсың,
Сагындым, келчи сүйгөнүм.
Санаадан такыр чыкпайсың,
Сагындым, келчи сүйгөнүм.

Ыргылса желге жалбырак,
Ыргыштап үркөт аргымак.
Камыкпа, келет дегенсиң,
Ай карайт көктөн жалдырап.
Камыкпа, келет дегенсиң,
Ай карайт көктөн жалдырап.

Сен жылкычы мен чабан
Кыйкырып добуш үн салам.
Өлкөбүз үчүн иштейли,
Өркүндөп өссүн нур заман.
Өлкөбүз үчүн иштейли
Өркүндөп өссүн
Нур заман
Өлкөбүз үчүн иштейли
Өркүндөп өссүн
Кыргызстан
Өркүндөп өссүн
Кыргызстан
Комментарии
Добавить