Алфавит
Главный » Кыргызча ырлар 2024 » Мээрим Байтурова - Өчүң бардай

Мээрим БайтуроваӨчүң бардай

+22
  • Просмотров:  
  • Размер: 3,04 MB
  • Длительность: 3:19
  • Качество: 128
  • Дата релиза: 11-11-2023, 13:45
Слушать
Скачать

Текст песни

Арбап алып арзытып жүрөгүмдү
Атайын же сагынтып жүрөсүңбү?
Айтчы качан сезесиң, сүйөрүмдү?
Арман болду күтүү өзүңдү!

Сен бар үчүн бул аалам толуп турат
Сени эңсеп жан дүйнөм ооруп турат
Сага качан тагдырым жолуктурат?
Самаганым качан кол сунат?

Жүрөктөгү кусалыкты жеткире албай
Жүрөм сенсиз азыр дагы өзүмдү алдай
Кайгы арттың ашыгым сен өчүң бардай
Өчүң бардай, эй өчүң бардай

Арзууларым аңсайын түгөнбөгөн
Азап бердиң, ардагым түмөндөгөн
Ашыгым ай мен дагы сүйөм деген
Ал сөзүңдү күтүп мен келем

Ойлой берем унутуу мүмкүн эмес
Ошол карек, жайнаган сүйкүм элес
Түбөлүктүү сүйөмүн бир күн эмес
Түшүн мени болбо сен мерээз

Жүрөктөгү кусалыкты жеткире албай
Жүрөм сенсиз азыр дагы өзүмдү алдай
Кайгы арттың ашыгым сен өчүң бардай
Өчүң бардай, эй өчүң бардай

Жүрөктөгү кусалыкты жеткире албай
Жүрөм сенсиз азыр дагы өзүмдү алдай
Кайгы арттың ашыгым өчүң бардай
Өчүң бардай, эй өчүң бардай

Жүрөктөгү кусалыкты жеткире албай
Жүрөм сенсиз азыр дагы өзүмдү алдай
Кайгы арттың ашыгым сен өчүң бардай
Өчүң бардай, эй өчүң бардай
Комментарии
Добавить