Алфавит
Главный » Кыргызча ырлар 2024 » Жаныбек Онолбаев - Сирендерим

Жаныбек ОнолбаевСирендерим

+1616
  • Просмотров:  
  • Размер: 3,15 MB
  • Длительность: 3:26
  • Качество: 128
  • Дата релиза: 15-09-2023, 17:12
Слушать
Скачать

Текст песни
Сирендерим!

Өзүңдү таппай көптүн арасынан,
Жүргөндө айыга албай жараатымдан.
Куюлуп арман болуп агып жаттым,
Куштардын куса серткен канатынан.

Алдастайм ары-бери ары-бери,
Жалгызмын жан көргөн жок аны деги.
Тиктетет кайра-кайра тигил көктөн,
Тизилген каркыранын сабы мени.

Көп жаштар көчө бойлоп агат улам,
Көрө албай жалгыз сени арасынан.
Атыңдын баш тамгасын тапчу болдум,
Талпынган куштун гана канатынан.

Күйүттүн өзү өчсө да зарпы калаар,
Билгендей махабаттын дартын алар.
Атыңдын баш тамгасын көккө жазып,
Алыска учуп кеткен каркыралар.

Күн батат, таңдар атат, агат суулар,
Күйүтүн өчүрө албайт жараттуулар.
Муңумдун баш тамгасын эске салып,
Муңайта бербегиле канаттуулар.

Жаз келди жашыл жайып килемдерин,
Билгендей келбес жайга жибергенмин.
Сирендер гүл ачканда сени эстейм,
Сиреним, сирендерим силер менин.

Бул адат кайдан мага калган билбейм,
Адашкан арманымды жаздан издейм.
Бирок сен жүрөгүмдүн жазы болдуң,
Түбөлүк калышынды билээр дедим.

Сени эстеп жашай берем ойдо сонун,
Мен үчүн махабаттан артык орун.
Сезбесмин көкүрөктө кайгы барын,
Сен болсоң уктатаарым, ойготоорум.

Көз күйөт көрүп жаздын сирендерин,
Жаштыктын жашап коюп ширин жерин.
Муңайдым, муңайбаска аргам барбы?!
Муң, арым, муң, арманым силер менин.
Сирендер гүлүн ачса сени эстейм,
Сирендер, сирендерим силер менин!
Комментарии
Добавить