Алфавит
Главный » Кыргызча ырлар 2024 » Рустам Сагыналиев, Чыңгыз Мырзаев - Жашагым келет (New version)

Рустам Сагыналиев, Чыңгыз МырзаевЖашагым келет (New version)

00
  • Просмотров:  
  • Размер: 10,66 MB
  • Длительность: 4:39
  • Качество: 320
  • Дата релиза: 6-04-2022, 12:11
Слушать
Скачать

Текст песни
Жашоо, жашоо, сенде тилек-үмүтүм,
Күр-шар эткен океандай дүбүртүң.
Толкунуңдан ала сала жиреймин,
Алсамбы деп мезгил, өмүр үлүшүн.
Ойлонуп келе жатамын, жатамын,
Кең дүйнө тарыйт, капамын.
Бирок да кыйбай өмүрдү,
Жашагым келет, жашагым,
Жашагым келет, жашагым.

Адам деген күйүп-бышып сыналат,
Аздан көпкө өмүр сүрө куралат.
Жарык дүйнө канча катаал болсо да,
Жашоо нугу, жашоо бүтпөй уланат.
Өмүрдүн суусун татамын, татамын,
Өткөрүп жыргал-азабын.
Бирок да сүйүп өмүрдү,
Жашагым келет, жашагым,
Жашагым келет, жашагым.

Өмүр жылат. Жолу кыска, жолу узун,
Адам жашайт кар, муз каптап конушун.
Жер титиреп, зоо куланат сен жүрүп
Бирок, жашоо неге мынча сонунсуң?
Ак тилек арбын жасармын, жасармын,
Ажалдан кайда качамын?
Өмүрдүн терип гүлдөрүн,
Жашагым келет, жашагым,
Жашагым келет, жашагым
Комментарии
Добавить