Алфавит
Главный » Кыргызча ырлар 2024 » Мирбек Атабеков - Из Калтыр

Мирбек АтабековИз Калтыр

+2020
  • Просмотров:  
  • Размер: 2,9 MB
  • Длительность: 3:10
  • Качество: 128
  • Дата релиза: 13-03-2022, 09:37
Слушать
Скачать

Текст песни
Мирбек Атабеков & Акбар Кубанычбеков - Из Калтыр (OST Жаңы Күч)

Бул жашоодо таза жолду танда,
Мүмкүнчүлүк келет ар бир жанга.

Өзүм дебей бир өмүрдө күйүп,
Эмгегиңди элиң үчүн арна.

Жалкоо болбой кайрат, күчүң барда,
Чоң жарышта сапарыңдан калба.
Жашоодогу жеңиш ошол экен
Пайдаң гана тийсе ар бир жанга.

Өкүнбөйлү өткөн ишке кайра,
Кур дүйнөгө берилип байланба.
Атың өчпөй, жашап кылымдарга,
Баштаган жолуңдан эч тайманба,
Из калтыргын жүрөктө нур барда.


Жарык болуп күн нурундай тийсең,
Жан дилиңден бул жашоону сүйсөң.
Жалп деп анан өчкөн өңдүү жалын,
Бул учурлар кайрылбаган ирмем.

Өзгөртөсүң келечекти бир сен,
Өзөгүсүң жаңы күндүн билсең.
Адамдарга үлгү болуп дайым,
Жашагысы келгендей сен жүрсөң!
Комментарии
Добавить