Алфавит
Главный » Кыргызча ырлар 2024 » Мыктыбек Нурланбеков - Кыялымсың

Мыктыбек НурланбековКыялымсың

+11
  • Просмотров:  
  • Размер: 3,48 MB
  • Длительность: 3:48
  • Качество: 128
  • Дата релиза: 20-01-2022, 08:23
Слушать
Скачать

Текст песни
Көрүшкөндө капилет,
Көркүң сезим козгогон.
Көңүлүмдү бүт сен ээлеп,
Күлкүң аалам кооздогон.

Неге мурда көрбөгөм?
Сенсиз жалгыз өңдөнөм.
Сүйүү, бакыт, жылуулукту,
Табат сенден жан дүйнөм.

Сен
Кыялым болдуң,
Өзүңдө оюм.
Өзгөчөсүң, башка сенин ордуң.
Билсең сага,
Күндө ашыкмын,
Күндөй ачыксың,
Издегеним сенин карааның.

Элесиңе тойбогом,
Элестетип ойгоном.
Жаңы сезим сунгансың сен,
Мурда менде болбогон.

Жан дүйнөмө жакыным,
Жасалмасыз жаркыным.
Сени көксөп жүрөгүмдөн,
Сени көздөй тартылдым.

Сен
Кыялым болдуң,
Өзүңдө оюм.
Өзгөчөсүң, башка сенин ордуң.
Билсең сага
Күндө ашыкмын,
Күндөй ачыксың,
Издегеним сенин карааның.
Комментарии
Добавить