Алфавит
Главный » Кыргызча ырлар 2024 » Сыймык Бейшекеев - Сүйүүтай

Сыймык БейшекеевСүйүүтай

+11
  • Просмотров:  
  • Размер: 3,31 MB
  • Длительность: 3:37
  • Качество: 128
  • Дата релиза: 5-03-2021, 16:08
Слушать
Скачать

Текст песни
Алтын чачты тарашың,
Айдан жарык карашың.
Акыл-эсти капкайда,
Азгырыктап барасың.

Сүйүүтай, Сүйүүтай,
Калдым сени сүйүп ай
.
Кабылсам деп жалгыздап,
Карайм жолуң күйүп ай.

Сүйүүтай, Сүйүүтай,
Үйүң башка күйүт ай.
Үшкүрүк таш жарса да,
Үзүлбөдү үмүт ай!

Күмүш чачты тарашың,
Күндөн жарык карашың.
Кыялымды капкайда,
Кылтактатып барасың.

Жоолугуңдун кырынан,
Жоодур көзгө урунам.
Жоругуңду эстетсем,
Жолдон кайра бурулам.

Жанга салып бурганак,
Жалын көзүң уурданат.
Кагылайын секетим,
Кайда жүрдүң мурдараак?!

К а й ы р м а:

Сүйүүтай, Сүйүүтай,
Калдым сени сүйүп ай.
Кабылсам деп жалгыздап,
Карайм жолуң күйүп ай.

Сүйүүтай, Сүйүүтай,
Үйүң башка күйүт ай.
Үшкүрүк таш жарса да,
Үзүлбөдү үмүт ай!
Комментарии
Добавить